7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери кармалды

458

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан майыптык тобун аныктоо үчүн майыптардан туруктуу негизде акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты катталып, алдын ала эсептөөлөр боюнча бир кабыл алуу күнүндө түшкөн акчанын жалпы суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында МСЭКтин төрагасы А.А.М. жана комиссиянын мүчөлөрү Ч.Э.А. жана Ж.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

459