7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алданып калган 14 жаштагы өспүрүм кызга баңгизат сайып, колдон колго өткөрүп жүрүшкөн

4482

14 жаштагы өспүрүм кыз сойкулук менен алектенип вебкам бизнес индустриясына алдамчылык жол менен барып калган. Ал жактагылар кызга мажбурлап героин жана башка баңгизаттарды сайып, чет элдиктерге салып берип жүрүшкөн. Бул маалыматты «Оазис Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева социалдик баракчасында жарыялап, милиция чара көрбөй жатканын айтты.

“Бизге 14 жаштагы жашы жете элек кыздын апасы көз жашын төгүп кайрылды. Анын кызы веб-камера бизнесине алдоо жолу менен барып калганын айтып, кызга героин жана башка баңгизаттарды күч менен сайып, ар кандай чет элдик эркектерге өткөрүп беришкен. Дээрлик жарым жыл бою аны чоң кишилер маал-маалы менен зордуктап, колдон колго өтүп жүргөн. Бул аралыкта кыз ар кандай венерикалык ооруларга чалдыккан, тиштери кагылып, ар кандай сауналарда, батирлерде, кармап келишкен. Анысы аз келгенсип, кызды видеотасмаларга тартып, эл аралык порносайттарда видеолорду сатып келишкен. Кыздын апасы ушул жылдын июнь айында Биринчи Май РИИБге, сентябрда Октябрь РИИБине кайрылган, сурак учурунда кыз бардык даректерин көрсөтүп, сауналарды атап, кылмышкерлердин аты-жөнүн айтып, бардык жазууларды жана далилдер көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертиза кыздын апасына зордукталган деген жыйынтык чыгарып берген эмес. Анын маал-маалы менен зордукталганын апасы диагноз менен жеке клиника аркылуу билген. Тергөөчүлөр ушул күнгө чейин телефон чалса жооп бербей, эч кандай чара көрүшпөй келет. Кылмыш иши азырынча ачыла элек. Ошол эле учурда эне менен кызды коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Жабыркаган кыз бул кылмышкерлер башка жашы жете элек кыздарды да кармашканын айткан. Милиция баарын билет, бирок далилдер болсо да жарым жылдан бери реакция кылбайт. Бул кылмышкерлер ушул күнгө чейин жашы жете элек кыздарды чет элдик кардарларга 100-200 миң сомдон сатууну улантышууда. Кыз азыр венерикалык оорулар менен ооруп, баңгизатка көз каранды. Тергөөчүлөр сурактарды социалдык кызматкердин, адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн, психологдун катышуусу жок өткөрүшкөн. Эмне үчүн бул дагы эле уланууда? Качан биз балдарыбыз тарапта болуп , аларды коргойбуз? Эмне веб-камера студияларынын ээлери тергөөчүлөргө пара беришет? Чын эле кайрадан аянтка чыгып, адилеттикти талап кылуунун зарылчылыгы барбы?”,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4483