7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова кучагына батпаган 501 розаны кимден алды?

1935

Кыргыздын намыстуу таластык бир жигити Америкадан бери спортчу Мээрим Жуманазаровага 501 гүл белекке берди. Бул тууралуу жарандык активист Кундуз Ажибекова социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

«Социалдык тармактарда Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда катышкан спортчуларыбызды тосуп алууда Мээрим Жуманазаровага жакшы көңүл бурулбай калганы бүгүнкү күнгө чейин талкууланып жатат. Бишкектеги жигиттер ушул абалды жөнгө салып, бир букет гүл белекке берип коё албаганы өкүнүчтүү. Ал эми өзү алыста болсо дагы, Мээрим кызыбыздын көңүлүн көтөрүп, намыстуу жигитибиз 501 роза гүлүн белекке берди. Ушундай намыстуу жигиттерибиз көп болсун! Сизге терең ыраазычылык билдирем! Спортчу кыздарыбыз мындан ары да чоң чоң ийгиликтерди багынтып жүрө беришине тилектешмин», — деп жазды ал.

Эске салсак, Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн аэропорттон тосуп алууда Мээрим Жуманазарованын гүлсүз турган сүрөттөрү талкууга алынган. Маданият министрлиги гүл кыздардын баарына берилгенин маалымдаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1936