7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мелис Аспеков камакка алынды

737

Активист Мелис Аспеков массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып, №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучу А.М.А.га карата (Мелис Аспеков) тергөө убагында, башкача айтканда, 2023-жылдын 27-ноябрына чейин Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде кармоо менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Бир жылдан кийин Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылган. Аспеков үстүбүздөгү жылдын 23-майында президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы менен колониядан бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738