7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мени көрө албайсыңар!” Айдоочудан бир убакта алкоголдук жана баңгизаттык зат аныкталды

15

Бир убакытта алкоголдук жана баңгизаттык зат аныкталган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралардын биринин жүрүшүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда айдоочу шектүү жүрүм-турум көрсөтүп, буга байланыштуу кызматкерлер аны медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн наркологиялык мекемеге жеткирүүгө мажбур болушкан.

Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу унаа башкаруу учурунда бир убакта алкоголдук жана баңги заттык мас абалында болгону аныкталган, башкача айтканда, толук мас абалда болгон. Андан кийин айдоочу кызматкерлер аны көрө албастыктан улам токтотушканын билдирген.

Айдоочуга карата транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн тиешелүү протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.

16