7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мени жиликтеп салайын дегенби?». Бишкекте күйөөсү тарабынан сабалган келин милицияга арыз жазды

2036

Кечээ, 15-мартта Бишкек шаарынын тургуну жолдошу тарабынан катуу сабалганын айтып чыкты. Маалыматтарга караганда, келин борбордо визажист болуп эмгектенет. Соцтармактагы баракчасына күйөөсү сабагандан кийинки сүрөтү менен бөлүшүп, күйөөсүн «өлтүрүүгө аракет кылды» деп айыптады. Ошондой эле милицияга арыз жазганын билдирди.

«Ал мени өлтүрүүгө аракет кылды. Атайылап бычакты мештин үстүнө коюп, ысытты. Ал мени жиликтеп салайын дедиби же сүрөттөгүдөй бетимде так калсын дедиби? Биздин бир балабыз бар. 7 жыл чогуу жашадык. Менин катачылыгым анын буга чейинки кол көтөргөнүн кечиргенимде болду. Мындай адам менен жашоого мүмкүн эмес. Бирок бир чети аяп, бир чети оңолот деп, уулум үчүн жашап жүрдүм. Мындай болбойт экен. Балдар чоңоюп өз жашоосу менен кетет. А сен өмүр бою ар кимден кызганган адам менен жашоого мажбур болосуң. Мен өзүмдү ушундай абалга жеткиргениме уялып жатам»,- деп жазды ал.

Бишкектеги Биринчи Май РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. 14-мартта Биринчи Май РИИБге келин кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 00:00 чамасында Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйдө 4 саат ур-токмокко алган күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

Аталган факты милицияга каттоого алынып, Жазык кодексинин 139-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалып, учурда Түрк жаранынын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2037