7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр: Жаңы-жылдык белек, корпоратив уюштургандар ошол күнү кызматтан кетет

170

Шаар мэри Айбек Жунушалиев бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө, жетекчилерге жаңы жылдык белек үчүн акча чогултууга тыюу салууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтында видео жарыяланды.

«Кээде айрым жетекчилер орун басарга же мэрияга жаңы жылдык баштыгын көтөрүп келишет. Эскертип коёюн, кимде-ким кабинеттен кабинетке баштык көтөрүп жүргөн болсо ошол күнү кызматтан алынат. Ал баштыкка кеткен акча ошол жетекчинин аппаратынын бардык кызматкерлеринен чогултулат. Муну бардык кызматкерлерге жеткирип коюңуздар: эгер кимдир-бирөө жаңы жылдык белек үчүн бир тыйын да чогултса, ошол эле күнү ошол жетекчи кызматтан алынышы керек», — деди мэр.

Ал ошондой эле корпоративдик иш-чараларга тыюу салынганын эске салды.

“Эгерде кимдир бирөө жаңы-жылдык корпоратив өткөргүсү келсе, ошончолук эле акчасы көп болсо, социалдык үйлөргө барып өткөрсүн. Корпоратив өткөргөндөрдү көрбөйүн», — деди Айбек Жунушалиев.

171