7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр Жунушалиев командасы менен кезектеги көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү

189

Кечээ, 27-ноябрда Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда кезектеги көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Экокеңештин чечимине ылайык, иш-чара борбордун экологиялык абалын жакшыртуу жана жашыл фондун көбөйтүү максатында уюштурулган.

«Бул ирет көчөт отургузуу иши Свердлов районуна караштуу аймакта жүргүзүлүп,  катальпа жана акация дарактары отургузулду. Жашылдандыруу иштери — Бишкек шаарынын экологиялык муктаждыктарын эске алуу менен пландалган стратегиялык багыттардын бири. Көчөт отургузуу иштери этап-этабы менен улантылып, отургузулган көчөттөрдүн тамыр алышы боюнча  туруктуу көзөмөл жүргүзүлөт. Көчөттөрдүн сапаттуу өсүшүн камсыздоо үчүн адистер тарабынан алдын  ала топурактын абалы текшерилип, тиешелүү сугаруу жана агротехникалык иштер аткарылды», — деп жазылат маалыматта.

190