2026-жылдын 12-мартында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүнө жеринде текшерүү жүргүзүлүп, соода күркө ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаж кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ишкерлерге сооданы жүргүзүү үчүн «Чынар» жана «Аламедин » базарларынан альтернативдүү соода орундар сунушталган, бирок шаар тургундары бул сунуштан баш тартышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталды. Бул аймак жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган. 2026-жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы күркөлөрдүн ээлерине ыктыярдуу демонтаж жүргүзүү тууралуу эскертүүлөрдү тапшырган. Бирок ээлери тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 11-мартында аталган объекттер электр жана суу камсыздоодон ажыратылган.
Эске салсак, бул объекттер жашыл зонада жайгашкан жана бул жерде Аламедин-1 кичи району жашоочулары үчүн кичи сквер куруу пландалууда. Эгерде талаптар аткарылбаса, мыйзамда каралган тартипте демонтаж жүргүзүлөт.



