Бишкек шаарында күн сайын жалпы билим берүү уюмдары көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл  борбору  атайын буйрук чыгарат, андан кийин балдар карантинге жөнөтүлөт.

Чечимдер жеринде кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Шаардык мэрия ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын ден соолугуна көз салып турууга, ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырат.

Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.