7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Бишкекте мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынды

882

Бишкекте мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Патриса Лумумба көчөсүндөгү №70 үйдүн жанындагы уруксат кагазы жок коюлган эки күркө алынды, ошондой эле Садыгалиев көчөсүндөгү №90 үйдүн маңдайындагы мыйзамсыз күркө демонтаждалды.

«Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил типтеги объектилер дагы демонтаждалды жана Скрябин көчөсүндө күркө алынды. Берилген эскертүүлөрдүн негизинде Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө өз ыктыяры менен алынды. Улан кичирайонунда 4 күркө муниципалдык аймакты бошотту», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскаерте кетсек, Бишкек мэриясы жарандардан жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоого чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883