7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия унаа токтотуучу жайлар менен ижара келишимин токтотот

300

Бишкек мэриясы Шопоков көчөсүндө ачкан автоунаа коюлуучу алгачкы жайы боюнча келишимди токтотот. Бул тууралуу 26-февралда шаардык кеңештин жыйынында маалымат берип жатып вице-мэр Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, келишимдин мөөнөтү март айында аяктайт, апрель айынан тартып жерди ижарага алып иштетип жаткан компания менен кызматташтык токтотулат:

«Тегерегин жакшылоо, паркомат орнотуу тууралуу келишимди аткарбаганы үчүн. Ижара келишимин апрель айында токтотобуз».

Мэриянын маалыматына караганда, «Паркинг KG» ишканасы Шопоков көчөсүнүн Москва жана Фрунзе көчөлөрүнө чейинки тилкесин автомашина коюучу жай катары ижарага алган. Бир жылдык ижара акысы 1,5 миллион сомдун тегерегинде болчу. Азыр бул компания менен мэриянын соттошуусу уланууда.

2017-жылы Бишкек бийлиги көчө боюндагы унаа токтотуучу жайларда акы алуу системасын киргизип, Шопоков көчөсүндө «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жай пилоттук режимде иштей баштаган. Шаар бийлиги айрым борбордук көчөлөрдөгү мындай жайларды сынак аркылуу менчик ишканаларга ижарага берип, тыгынды азайтуу жана кыймылды жөнгө салуу максатын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301