7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция “Империя пиццы» тамактануучу жайындагы массалык уулануу боюнча козголгон кылмыш иши эмне үчүн токтотулганын айтты

516

Кечээ, 13-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары жактоочуга шилтеме берүү менен «Империя пиццы» тамактануучу жайындагы уулануу боюнча кылмыш иши токтотулганын жазып чыгышты.

Бишкек ШИИБ маалымат таратып, кылмыш иши эмне үчүн токтотулганын түшүндүрүштү. «Өткөн жылдын 25-октябрында болжол менен саат 08:30 чамасында Ленин РИИБге маалымат түшкөн. Анда Бишкектеги темир жол ооруканасына тамак-аштан ууланган 73 жаран түшкөнү айтылган. Факты ошол күну реестрге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүмү (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдарына арыз менен 80 жаран кайрылган. 31-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында толук жана объективдүү тергөө жүргүзүү жана чындыкты аныктоо үчүн комиссиялык комплекстүү соттук-медициналык жана тамак-аш экспертизасы дайындалып, өндүрүштү жүргүзүү эксперттерге тапшырылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча тергөө кызматы акыркы процессуалдык чечимди кабыл алат. Учурда Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык кылмыш иши токтотулду»,- деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, 29-октябрда аталган тамактануучу жайдан ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 318 адамга жеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517