7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто милиция кызматкерлери кафе-ресторандарга дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

660

Ошто милиция кызматкерлери ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин кафе-ресторандарда дагы жүргүзүүдө.  Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБне караштуу Сулайман-Тоо аймактык милициясынын жетекчиси Азизбек Ташболотов билдирди.

Анын айтымында Президенттин жарлыгын ишке ашыруу, көзөмөлдөө жергиликтүү бийлик менен биргеликте аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жүктөлгөн. Ош шаарынын ичиндеги кафе-ресторандарга аймактардан келген жарандар куран окутуу маракелерин өткөрүшөт.

Мындан улам, милиция жерине барып түшүндүрүү, жарлыкты эскертип коюу милдетин алган. Андан сырткары жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолугушууларга дагы катышып жатышкандыгын кошумчалашты. Ал эми Ош шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Венера Рыскулова учурда президенттин жарлыгынын негизине ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча жоболор иштелип жаткандыгын билдирди.

Дал ушул жоболордо жарлыкка баш ийбегендерге кандай жазаалар каралары жазылат. Ал эми Ош шаардык милициясы жоболор иштелип чыгып, мыйзам долбоору толук кабыл алынгандан кийин гана чара көрүү аракеттери болоорун, ага чейин эскертүү иш-чаралары уланаарын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661