7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкери кош бойлуу аялды сабады деп шектелүүдө

607

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери кош бойлуу келинди ур-токмокко алып сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Г.А.  аттуу жаран арыз менен кайрылган.  Анда ал Каракол ШИИБинин үч кызматкери тарабынан сабалганын айткан.

Арыз ээсинин айтымында, 5-август күнү Каракол ШИИБинин 3 кызматкери ага кол салып, сабап киришкен. Андан соң талаага алып барып, муунтуп, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Бул окуядан кийин жабырлануучунун 5 айлык боюнан түшүп калган. Ошондой эле ал акыйкатчынын аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранган.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы аталган кылмышка шектелгендерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесине ылайык (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирген.

Учурда тергөө иштери уланып жаткандыгы маалымдалды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608