7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлери 6 жаштагы Темирландын кыялын орундатты

622

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты.

Балдар чоң адамдарга караганда туулган күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Бул жылуу сезимдер жана кубанычтар жаш баланын эсинде өмүр бою калат. Ошентип, 6 жаштагы Темирлан өзүнүн туулган күнүнө аз калганда Бишкек шаардык ИИББнын «102» кызматына телефон чалган. Анда, ал милиция анын тилегин орундатат деген ишеним менен, туулган күнүнө карата жашыл “трактор” белек кылып, милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.

Темирлан менен баарлашуу учурунда милиция кызматкерлери баланын тилегин орундатып, аны кубантууну чечишкен.

Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын дарегине жөнөштү. Тартип сакчылары жаш тургунга салтанаттуу түрдө белек тапшырып, милициянын унаасы менен сейилдөөгө алып барышты. Темирлан жана анын апасына күтүүсүз болуп, абдан сүйүнүп турушту.

623