7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул кызматкери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаган видео боюнча териштирүү иштери башталды

955

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаган видео социалдык тармактарга тараган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда Сухэ Батор жана Юнисалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган мотоциклди токтотушкан.

Бирок айдоочу баш ийбей качып, 12-кичи районунан кармалган. Наркология бөлүмүнөн текшертилген учурда мас абалында экендиги аныкталган. Ага карата жалпы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5 протокол түзүлгөн.

«Ал эми кармоо учурунда кызматкерлердин ок атуучу куралды алып чыккандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилет»,- дейт билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

956