Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага орус тилинде баяндама жасоого уруксат берилген жок.
Ал сөз алдында баяндамасы расмий тилде даярдалганын айтты.
-«Сиз орусча баяндама жасоого кимден уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес?»,- деди төрага.
— «Депутаттардан, төрага сизден уруксаат алдым»,- деди ал.
-«Кайсы төрага? Мен азыр көрүп жатам, мамлекеттик тилде жасашыңар керек. Уруксат сурабай эле окуп кете бересиңерби?! Кыргызча жасаңыз»,- деди спикер.
Ал эми, Динара Кутманова баяндамасын кыргызча улантты.