7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Ибраев Алмазбек Атамбаевдин электр энергиясы боюнча сөзүнө жооп берди

7

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу анын президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда башталган энергетикалык долбоорлорду эске салды. Ал өлкөнүн энергетика системасынын кыйрашы 2010-жылдагы Апрель революциясынын башкы себептеринин бири болгонун белгиледи. Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраев Атамбаевдин айткандарынын көпчүлүгү калп экенин, анын президенттик тушунда бир да жаңы ГЭС курулбаганын билдирди.

— Саламатсызбы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, энергетика тармагындагы маселелерди көтөрүптүр. Анын билдирүүсүндөгү мисалдар чындыкка дал келеби?

— Саламатчылык. Мен да анын билдирүүсүн окуп чыктым. Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн көпчүлүгү чындыкка дал келбейт жана манипуляциялык мүнөздө. Мен муну далилдер менен түшүндүрүп берейин, суроолоруңуз болсо бере бериңиз.

— Атамбаев өз учурунда энергетикалык маселени чечип, мамлекет импорттон баш тартканбыз деп айтты. Бул канчалык туура?

— Жөнөкөй мисал менен түшүндүрөйүн.

2010–2017-жылдары Кыргызстан мезгил-мезгили менен Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын сатып алган. 1 кВт/сааты орто эсеп менен 5 сомдон импорттолгон. Азыр 1 кВт/сааты 3 сомдон импорт кылуудабыз.

2017–2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суу көлөмү 19,6 млрд куб метрге чейин көбөйгөн. Бул запас кийинки жылга чейин жетип, ошол мезгилде өлкө чындап эле 2 кыш импортсуз жашаганбыз. Болгон ийгилиги ошол. Бирок бул да жаратылыш шартынын убактылуу натыйжасы болгон. 2019-жылдан тарта кайрадан электр энергиясын импорттоо башталган. Ал учурдагы керектөө көлөмү 14 млрд 163 млн кВт/саат болчу, азыр болсо керектөөнүн көлөмү 20 млрд кВт/саатка жетти.

Эмне үчүн?

Анткени, акыркы жылдары, жүздөгөн жаңы мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар, өндүрүш ишканалары ачылып, жаңы конуштар, айылдар пайда болду. 2023-жылдан бери эле 32 090 жаңы объект электр тармагына кошулду, аларга берилген жалпы кубаттуулук 2911 МВт. Ал эми өлкөнүн азыркы генерациялык мүмкүнчүлүгү – 3400 МВт.

Башкача айтканда, мурдагыга караганда эл көбөйдү, экономика жанданды, өндүрүш жогорулады, ошондуктан керектөө өсүүдө. Мурда аз керектөө – өнөр жай ишканаларынын жоктугунан эле болгон.

— Атамбаев “Токтогул ГЭСин реконструкциялап, 240 МВт кошумча кубаттуулук коштум” деди. Бул чынбы?

— Жок, бул калп. Токтогул ГЭСинин 4 гидроагрегатынын реконструкциясы жакында гана аяктады. Тактап айтканда:

  • 1-гидроагрегат — 2022-жылы,
  • 2-гидроагрегат — 2023-жылы,
  • 3-гидроагрегат — 2024-жылы,
  • 4-гидроагрегат — 2025-жылы ишке кирди.

Жалпы кубаттуулук ошондо гана 240 МВтка көбөйдү.

Атамбаев бул иштерди өз учурунда бүтүргөн эмес. Болгону мурдатан эле келе жаткан долбоорлор болгон. Фактически эч бир иш практика жүзүндө болгон эмес.

— Атамбаев “Датка–Кемин” аба чубалгысын мен кургам” деди. Бул боюнча пикириңиз кандай?

— Чынында “Датка–Кемин” аба чубалгысынын курулушу Атамбаевдин убагында аяктаган, бул чын. Бирок ушул сыяктуу энергетикалык “CASA-1000” долбоорун биз быйыл ишке киргиздик. “CASA-1000” долбоорундагы чубалгынын 1 чакырымы 420 миң доллар болду.

Салыштырып көрсөк:

“Датка–Кемин” чубалгысынын 1 чакырымы 644 миң доллар турган.

Айырма чоң. Ар бир чакырымынан 224 000 долларды түзөт. 405 чакырымга көбөйтсөк 90 миллион 720 мин доллар болот экен. Атамбаевдин убагында бул акчалар уурдалып кеткен.

— 2010–2020-жылдар аралыгында кандай реформалар болду? ГЭСтер курулдубу?

— Ал мезгилде негизинен Бишкек ЖЭБнин реконструкциясы жасалган. Бирок ал иштер дагы кымбат жана сапатсыз аткарылган. Кийин кылмыш иши козголуп, тергөө жыйынтыгында, кредитке алынган 386 млн доллардын 111 млн доллары коррупциялык жол менен уурдалган деп табылган. Бул иштер боюнча тиешелүү жетекчилер, анын ичинде Алмазбек Атамбаев дагы жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, 2012-жылы “РусГидро” компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок жыйынтыгында эч кандай ГЭС курулган эмес. Кыргызстан алды делген сумма 37 млн доллар. Бирок чындыгында мынча акча алган эмеспиз, анын үстөк пайызы кошулуп, бүгүнкү күндө 51 млн долларга чейин жетти. Учурда биз Россия менен соттошуп, арбитраждык сот бизди төлөп берүүгө милдеттендирди. Мына ушулар — Атамбаевдин энергетикадагы “лже реформаларынын” чыныгы жыйынтыгы. Эгер Атамбаев Россия менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарбай турганда биз бүгүн арбитраждык соттон утулмак эмеспиз. Азыр 51 миллион долларды биз жебеген мантыга төлөгөнү турабыз. Төлөйбүз акыры. Болгонда да бюджеттен төлөйбүз.

— Азыркы учурдагы тартыштык эмнеден улам болууда?

— Бул энергетикалык системанын талкаланышынан эмес, керектөөнүн өсүүсүнөн. Мисалы, ал жылдары керектөө 14 миллиард кВт/саат болсо, азыр керектөөнүн көлөмү 20 миллиард кВт/саатка жетти. Себеби, өндүрүш ишканаларынын көбөйүшү, жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин кошулушу болууда. Дагы бир себеп суунун көлөмүнүн азайышы — бул экологиялык фактор.

Бирок, ага карабай мамлекет кол куушуруп отурган жок. Учурда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи (1860 МВт) курулууда.

“Бала-Саруу” ГЭСи (25 МВт) ишке берилди.

“Куланак” ГЭСи (100 МВт) жана “Орто-Токой” ГЭСи (21 МВт) курулуп жатат. Кара-Кечеде кубаттуулугу 1200 МВт болгон ТЭЦ курулуп баштады.

“Казарман” ГЭСи (912 МВт) боюнча келишимге кол коюлду,

“Көкөмерен” ГЭСи (1305 МВт) боюнча инвесторлор тартылды. Мындан тышкары, 100гө жакын чакан жана орто ГЭСтер да активдүү курулууда. Суу ресурстарынан тышкары шамал жана күн станциялары дагы курулуп жатат, жакында ишке берилет.

— Демек, Атамбаевдин доорунда ГЭСтер курулган эмес деп айтууга болобу?

— Ооба. Атамбаевдин убагында бир дагы жаңы ГЭС курулган эмес.

Тескерисинче, тармак карызга батып, долбоорлор эки эсеге кымбат жана коррупциялык схема менен ишке ашкан. Бул – расмий далилденген факт. Атамбаевдин “импорт токтоттук, ГЭСтерди реконструкцияладык” деген билдирүүлөрү карандай калп. Мени менен мелдешем десе далилдеп берем. Жогоруда айтпадымбы кыска мөөнөттүү эки кыштык ийгиликтери жаратылыш шарттарына байланышкан.

8