7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Күйүүчү май боюнча Россия менен жаңы келишим түзүлдү

207

Россиядан күйүүчү май алуу жаатында Кыргызстанда эч кандай көйгөй жаралган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2026-жылга карата жаңы келишимге кол коюлду.

«Келишим биздин экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлдү.

Биз жөнөткөн сурамдар дайыма кабыл алынып, өз убагында аткарылып келет. Мурун Россия бизге жылына 1 млн тонна күйүүчү май жеткирсе, жаңы келишимге ылайык, бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага чейин көбөйтүлдү. Россия тарап биздин сурамдарды 100 пайыз аткарып жатат»,-деп белгиледи ал.

208