7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Кооптуу аймактарда 4066 жаран, 3010 үй бар. Мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алуу керек

630

Кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүүдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү калк менен тыгыз иш алып барсын. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеев өгөчө кырдаалдар министрлигинде аппараттык кеңешмеде билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге ӨКМдин борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ӨКМ министри Бообек Ажикеев тиешелүү башкармалыктын башчыларына сел, жер көчкү жүрүүнүн, суу ташкындарынын жана өрт коопсуздугунун алдын алуу, кооптуу аймакта жашап жаткан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү талабын койду. Ошондой эле катышуучуларга адам өмүрү эч нерсеге алмашкыс экенин дагы бир жолу эскертти.

“Өлкөдөгү ар бир жарандын өмүрүн сактоодо, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өз убагында чара көрүүгө тиешелүү тармак ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусу керек. Өзгөчө кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүүдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү калк менен тыгыз иш алып барсын”, – деди Ажикеев.

Ошондой эле министр өлкө аймагында табигый кырсыктардын, тагыраагы сел, жер көчкүлөрдүн жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча атайын иш-пландардын түзүлүүсүнө, өз убагында коргоо жумуштарынын аткарылуусуна токтолду.

“Акыркы күндөрдөгү өзгөрүлмөлүү туруксуз аба ырайына жана алдыда күтүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу тиешелүү кызматтар менен тыгыз иш алып барып, күчөтүлгөн режимде күжүрмөн даярдыкта болуу зарыл.

Учурда жалпы кооптуу аймактарда 4066 жаран, 3010 үй бар. Коопсуз аймактарга 403 кожолук көчүрүлдү. Жарандарыбыздын өмүрүн жана мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынуусу керек”, — деди министр.

Ошондой эле коопсуз аймакка көчүрүү механизмдерин иштеп чыгууну Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кулматовго тапшырды. Буга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киригизүүнү сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631