7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Кыргызстанда өсүмдүк майынын, ундун, кумшекердин запасы жетиштүү

519

Бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда өсүмдүк майынын, ундун, кумшекердин запасы жетиштүү экенин айтты.

«Украиндагы акыркы кырдаал боюнча ар кандай имиштер пайда болду. Ар кандай туура эмес маалыматтар тарады. Азык-түлүк маселеси, дүкөндөрдө азык-түлүктөрдүн азайышы жана алардын баасынын көтөрүлүшү байкалууда. Өсүмдүк майы да тартыш болот деп, элдер дүрбөлөң болгондон кийин 500 миң литрди дүкөндөргө жеткирдик. 1 литри 130 сомдон сатылат»,- деди ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун резерви толук экенин айтты. «Эгерде 30 жыл бою кор тонолгон болсо, азыр биринчи жолу азык-түлүк запасын толуктап алдык. Андыктан калк арасында кооптонууга негиз болбошу керек. Эң зарыл продукциянын баасын негизсиз жогорулатууга жасалган ар кандай аракеттерге катуу тыюу салынат. Азык-түлүк коопсуздугу Министрлер кабинетинин жана мамлекет башчысынын көзөмөлүндө. Ошондуктан ун, кумшекер, өсүмдүк майынын запасы бар жана алар жетиштүү деп ишенимдүү айта алам», — деди ал. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520