7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Руслан Казакбаев Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

676

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттерди жана кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо пландалууда.

Эскертке кетсек, Кыргызстан менен Индиянын ортосунданы дипломатиялык алакалар 1992-жылы 18-мартта түзүлгөн. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы укуктук база мамлекет аралык 62 келишимди жана макулдашууну камтыйт.

Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген тең укуктуу өнөктөштүк жана өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген.

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда ШКУ, БУУ, ДССУ, ЮНЕСКО, Интерпол сыяктуу жана башка көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматаштык жемиштүү өнүгүүдө, алар эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири спектри боюнча жалпы позициялардын жана терең өз ара түшүнүшүүнүн болушу менен айырмаланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677