7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинетинде Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу жана бир катар долбоорлор талкууланды

555

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, анда, Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорлору тууралуу кеп жүрдү.

Министрлер Кабинети улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча бардык кызыкдар инвесторлор, өнөктөштөр жана эл аралык каржы институттары менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Азиз Алиев белгилегендей, Энертетика министрлиги Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу аракетин активдештирүүсү зарыл. Ошондой эле ал Финансы министрлигине долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн каржы булагын аныктоо жана стратегиялык инвесторду тартуу боюнча ишти активдештирүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Буга катар Энергетика министрлигине Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегатын ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

  1. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди иштеп чыгуусу, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкы менен долбоорду узак мөөнөттүү каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556