7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб башчысы Коргоо министрлигине 81 техника тапшырды

112

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 80ден ашуун автотранспорт каражаттарын тапшырды. Алар 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы, 19 JAC T-6 унаасы, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичиавтобустары.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды.

Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат. Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына да токтолду. Учурда: Бишкек шаарында күнүмдүк ижара акысынын компенсациясы 500 сомго чейин, ал эми аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү; ипотекалык турак жай үчүн ай сайын компенсация төлөнөт — аскер кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында 18 миң сом, аймактарда 15 миң сом; 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө ипотекасын толук кутулганга чейин төлөп берилет; кайсы аймакта кызмат кылбаңыздар сиздерге өзүңүздөр тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк берилет; Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакынкы арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир берилет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

113