7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

МинКаб кызматтык унааларды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизди

206

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык жана нөөмөттүк унааларды колдонуу эрежелерин тактады. Эми жумуш сапарлары жана кызматтык милдеттери үчүн колдонулган жеңил унаалардын кыймылдаткычынын көлөмү 2700 сантиметр кубдан ашпашы керек. Токтомдо тизмеси көрсөтүлгөн айрым кызмат адамдары үчүн гана өзгөчөлүк каралган.

Ошондой эле, мамлекетке өз ыктыяры менен берилген жана конфискацияланган же соттун чечими боюнча мамлекеттик менчикке айландырылган транспорт каражаттарын пайдаланууга да жол берилет.

Министрлер кабинети өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын карамагындагы унааларды эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланууга багытталганын түшүндүрдү.

Токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.

207