7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада кыргызстандык жаран жети жылга соттолду

479

Москва шаардык аскер соту кыргызстандык 3-топтогу майып, 32 жаштагы Талант Онуровду «теракт даярдаган» жана «терроризмге үгүттөгөн» деген айып менен жети жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары ага төрт жыл бою интернетте жана сайттарда ишмердүүлүк кылууга тыюу салынды.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Онуров 2019-жылы сентябрда Орусияга келген. Ал ушул эле жылы октябрь айында «теракт жасоо» максатында Москвада өзүнө өнөктөштөрдү издеп жүргөн деген айып менен кармалган. Онуров тергөө абагында отурган учурунда күнөөсүн мойнуна алганын Москванын тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванова кабарлаган.

Талант Онуров 1989-жылы 11-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Ата-энесинин айтымында, 1998-жылы менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

480