7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий: Узап бараткан Орозо айт маарек болсун! Ар бир үй-бүлөдө кубаныч, бактылуулук өкүм сүрсүн

14

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыкарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу момун-мусулман бир туугандарым, ардактуу мекендештерим! Сиздерди ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Алла Таалам насип кылып, улуу айтка жеткиргени үчүн сансыз-санаксыз шүгүрлөрдү келтирдик. Кадырлуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу мекендештерим!

Ыйык Орозо айт бизге Алла Тааладан белек кылынган майрам. Бир жагынан орозонун кылчайып узап баратканына ичибиз ачышса, экинчи жагынан айт майрамы кайрадан көңүлдөрдү куунак кылып, ууртубузга жылмаюу, жүрөгүбүзгө бейпилдик тартуулайт. Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын ырайымын жана кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай болуп берди. Орозо – бул адептин күчтөнүшүнө, ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Берекелүү орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге руханиятыбызды көркүнө чыгарат.

Кечээ эле зор толкундануу менен орозону тосуп алдык эле, көз ачып-жумганча орозо аяктап, муңайып узатып олтурабыз. Бир ай бою ибадат кылып, орозо кармап, Алланын ыраазычылыгын издедик. Ар бирибиз Рамазан деген мугалимден көптөгөн сабактарды алып, эми аны жашообузда практикалоо алдында турабыз. Бул ыйык айда ач кадырын билдик, муктаждын абалын сездик. Рамазан айында жаман айтуудан, жалган-ушактан жана ар кандай жаман адаттардан арылдык. Мындан ары жаныбызда жан жолдош болуп жакшы адаттар гана калсын.

Жараткан Алла Таала бизди бизден жакшы билет эмеспи. Улуу Зат бизге эмне пайдалуу да, эмне зыяндуу, абдан жакшы билгендиктен, Анын айткандарына кулак төшөп, өкүм-буйруктарына баш иели. Ислам дининдеги кош айт майрам – улуу-кичи, бай-кедей дебестен баарын кучактайт. Айт майрамдары Жараткан Алла үчүн бүт момундарды сүйүүгө, аяр мамиле кылууга жана кам көрүүгө түрткү берет. Орозо айт – Рамазандын кадырын толук билип, ибадат менен өткөргөн момундарга Жараткандын көрсөткөн сыйы, белеги жана жакшылыгы. Айт майрамдардын маңызын канчалык терең түшүнүп, татыктуу өткөрсөк, Исламды талаптагыдай жашай аларыбыз шексиз. Андыктан, айт күндөрү жана жыл бою өзүбүздү-өзүбүз эсеп-кысап кылып, кылган амалдарыбызды таразалайлы. Жакындарыбызга айттап барып, белек-бечкек берип, мусулмандык мухаббатты күчөтөлү. Айт күндөрү санаага батып, ооруган көңүлдөргө дабаа бололу. Бейтаптарды зыярат кылып көңүлүн алалы. Мына ушундайча айт майрамы баарыбызды кубанычка жана шаттыкка бөлөйт.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды өз даргөйүндө кабыл кылсын. Дүйнөгө, үммөткө, мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө кубаныч, сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн.

Эгем Таалам эки дүйнө бактылуулугун ар бир момун кулуна насип кылсын! Рамазандын күндүзүн орозо, түнкүсүн намаз менен өткөрүүнү насип кылганы үчүн ага сансыз-санаксыз шүгүрлөр болсун. Эли-журтубуз жана мекенибизде тынчтык болусун, өлкөбүзгө өнүксүн. Узап бараткан Орозо айт маарек болсун!»,- деп айтылат Муфтийдин куттуктоосунда.

15