Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекитти.
Ага ылайык, буудай 1,6 кг – 60 сом, ун 1,6 кг – 90 сом, арпа 3,2 кг – 100 сом, мейиз 1,6 кг – 880 сом, курма 3,2 кг – 1200 сомду түзөт.

Ошондой эле зекетти алтын менен да берсе болот. Эсептөөлөр боюнча, 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. 85 грамм алтын 722 миң 500 сомду түзөт, анын 2,5%ы 18,062 сом деп белгиленди.

Муфтият белгилегендей, битир-садаганы ар бир адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын каалаганына жараша, өз ыктыяры менен жан башына бере алат. Муктаждарга көбүрөөк пайда тийиши үчүн, мүмкүнчүлүгү барлар баасы кымбатыраак азыктардан берүүсү жакшыраак болот.



