7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтият: Умра сапарындагыларды өлкөгө кайтаруу боюнча штаб түзүлдү

10

Жакынкы Чыгыштагы форс-мажордук абал боюнча Муфтият кайрылуу жасады.

«Урматуу умра зыяратчылары! Кадырлуу умра менен алектенген мекемелер!

Учурда Жакынкы Чыгышта абал курчуп, ыйык умра сапарына уюштурулуп жаткан авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралды.
Дал ушул себептүү, төмөнкүлөрдү билдиребиз:

Ушул тапта Мекке, Медина шаарларында кичи ажылыгын өтөп жүргөн мекендештер. Сиздер кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алып, фирмалардын жана умра башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана рейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуулук менен күтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул учурда дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн дуба кылууңуздарды күтөбүз.

Ал эми умра сапарына аттанууну көздөп жаткан мекендештер! Абалга байкоо салып, аймактагы кырдаал жөнгө салынган соң гана кичи ажылыкка барууну пландооңуздарды суранабыз.

Мамлекет тарабынан убактылуу ведомстволор аралык штаб түзүлүп, кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлүп жатканын билдиребиз», — делет маалыматта.

11