7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурат Боронов: Милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүп, эл ишенимин актоо зарыл

283

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек, Сүлүктү аймактарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмү жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен жолугушуп, алардын аткарып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Мындан сырткары, Лейлек районунун Кулуңду, Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө барды. Бул бөлүмчөлөр коңшулаш Тажик республикасынын Согди облусунун кээ бир райондору менен чектешкендиктен, чек ара тилкелериндеги милициянын аймактык пункттары менен жакындан таанышып, жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Жаңыдан дайындалган жетекчи Мурат Боронов жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жарандар менен сылык мамиледе болуу, ИИОна кайрылып келген жарандын арызы оз убагында мыйхам негизинде чечилуусу, ошондой эле ар бир кызматкер оз милдеттерине так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Кылмыштуулукка, коррупцияга жана банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча бир нече талаптарын коюп, «ар бир кызматкер эл менен байланышты чыңдап, милициянын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү менен ишенимди актоо зарыл» деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

284