7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мурдагы аялы, анын жигити жана 11 жаштагы өспүрүмгө тийген». Орусияда көчөдө кислота чачкан шектүү кармалды

1365

Москва районунда үч кишиге кислота чачкан жаран кармалды. Бул тууралуу ТАСС Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волкка шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Кылмышка шектелген адам Домодедово полициясынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалган. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү жабырлануучу аялдын мурдагы күйөөсү болуп чыкты. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мурдагы аялы менен анын жаңы сүйлөшкөн жигити Подольскийдеги үйдөн чыгып баратканда кислота чачып салган. Кислота жолдон өтүп бара жаткан 11 жаштагы мектеп окуучусуна да тийген.

Химиялык күйүк алгандардын баары Подольск шаарындагы ооруканалардын биринде. Кармалган жарандын ден соолугуна атайылап орточо оордуктагы зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Анын үйү тинтилген. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1366