Ноокенде денеге оор залал келтирген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында, Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылынын тургуну 1988-жылы туулган Жусупов Орозмаматты убактылуу өзү жашаган Ноокен районунун Көп-Там айылындагы үйүнүн короосунда ажырашып кеткен аялы Мусаева Гулчехранын жолдошу Санжарбек өз ара пикир келишпестиктен улам таш менен баш тарабына уруп денесине жараат келтирген.
Бул окуя Ноокен РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө келиндин мурдагы жолдош менен азыркы жолдошу ошол күнгө чейин телефон аркылуу сүйлөшүп жатып сөз талашып, келинди кызгангандан улам чыр-чатак келип чыккандыгы такталган. Ал эми келин мурдагы күйөөсүнөн буга чейин өз ыктыяры менен учурдагы жашап жаткан күйөөсүнө кетип калгандыгын, аны эч ким зордоп алып кетпегендигин өз көрсөтмөсүндө билдирген.
Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча, келиндин мурдагы күйөөсүнүн денесинен алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында денеге оор жараат келтиргендиги аныкталган.
Жазык кодексинин 131-беренеси менен козголгон сотко чейинки өндүрүш иши, жабырлануучу денесинен оор жараат алгандыктан, кылмыш иш 130-беренеге (ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган.
Келиндин учурдагы жолдошу шектүү катары суралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми анын иниси Ноокен РИИБдин тергөө кызматына алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.