Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Ахмат Бакиев көз жумду. Бул туурасында 7-каналга өздүк булактар билдирди.
Маалымат булактарынын билдиришинче, ал Өзбекстандын Ханабад шаарында жашап келген жана узак убакыттан бери ооруп жүргөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Ахмат Бакиев бүгүн Манас шаарында жерге берилет.
Учурда, анын каза болушунун так себептери жана башка кошумча маалыматтар айтыла элек.



