7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муунтуп, байлап, токмоктоп… Жалал-Абадда таксист бир өлүмдөн калды

4

Жалал-Абадда такси айдоочусун ур-токмокко алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 14-ноябрында Токтогул РИИБине Сузак районунун 2007-жылы туулган Ч.Т. аттуу тургуну 13-ноябрда саат 23:50 чамасында 20-25 жаштагы бейтааныш балдар ур-токмокко алганын айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

13-ноябрда Сузак районунда жабырлануучу такси кызматын көрсөтүп жүргөн учурда, бейтааныш эки бала Шамалды-Сай шаарына жеткирип коюсун суранышкан. Бүргөндү айылына жеткенде балдардын бири айдоочуну жип менен муунтун, экөөлөп ур-токмокко алып, колу-бутун байлап, Бишкекке жол алышкан. Суусамырга жеткенде унаанын дөңгөлөгү жарылып, шектүүлөр уктап калганда, Ч.Т. автоунаадан качып түшүп, жолдон жүк ташуучу автоунаа менен Токтогул районуна келип милицияга кайрылган.

16-ноябрда кылмышка шектелип Чүй облусунун 2006-жылы туулган М.А. жана 2008-жылы туулган Н.А. аттуу тургундары кармалып, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

5