7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзам баарына бирдей: Жол эрежесин бузган эвакуатордун ээси кармалды

280

Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун бузган эвакуатордун айдоочусу жол белгилерин тоготпой, кыймылды улантып кеткен. Ошол учурда анын каршысына Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын патрулдук унаасы келе жаткан.

Кайгуул кызматкерлери жол кырсыгын жаратып албоо үчүн эвакуаторду ошол замат токтотушкан эмес. Бирок бузуучулук катталып, кийинчерээк бул көрүнүштү чагылдырган видео социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Бул факты боюнча, эвакуатор айдоочусуна карата тиешелүү бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Бишкек шаарынын ШИИББнын МККБнын жетекчилиги белгилегендей, мыйзам баарына бирдей. Транспорттун түрүнө же айдоочунун ишине карабай, ар бир жаран жол кыймылынын эрежелерин так сактоого милдеттүү.

281