7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мыйзамсыз акча чогултушкан». Сокулуктун Шалта айылынынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

882

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылынын айрым тургундарына түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Шалта айылынын тургундары социалдык түйүндөр аркылуу УКМКнын жетекчилигине башка аймактардан көчүп келген тургундардан жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болуп жаткандыгы жөнүндө кайрылышкан.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, чынында эле аталган айылдын айрым активисттери трансформаторду оңдоо шылтоосу менен башка аймактардан көчүп келген тургундардан акча чогултууга аракет кылгандыгы аныкталган.

Ошону менен бирге, Шалта айылынын айрым тургундары менен тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар мыйзамсыз аракеттерин мындан ары токтотууга милдеттендирилди, мыйзамсыз аракеттерин мойнуна алуу боюнча жазуу жүзүндөгү видео кайрылуу менен кошо алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883