7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси иштен алынды

816

Мыйзамсыз аракеттерге жол берген Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган оорукананын жетекчиси Г.М. психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүдө айыпталган айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталды.

Жыйынтыгында саламаттык сактоо министрине аталган оорукананын жетекчиси Г.М. карата катуу тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилип, Г.М. кызмат ордунан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817