7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мышык аркылуу 20дан ашык ооруну жугузуп алуу коркунучу бар

1101

Үй жаныбары болгон мышык сүйкүмдүүлүгү, эркелиги менен адамдарды өзүнө тартып турат. Анын жанында туруу айрымдары үчүн көптөгөн жагымдуу эмоцияларды алып келет. Бирок мышык менен өтө жакын байланышта болуу учурунда инфекциялык ооруларды жугузуп алуу мүмкүн экендигин унутпоо керек. Кооптуу мителерди алып жүрүүчүлөр болуп көбүнчө көчөдөгү жолбун мышыктар. Бирок эч сыртка чыкпаган таза үй мышыктары да инфекциянын булагы болуп калуусу мүмкүн. Мышыктарда курттардын 80ден ашык түрү кездешет, алардын көбү адамдар үчүн да коркунучтуу (зооантропондук оорулар). Алар сырттагы ооруну алып жүрүүчү балыктарды, кемирүүчү жандыктарды жеген учурда ооруну жуктуруп алышат. Оорулар мышыктын заарасынан, заңынан, шилекейинен адамга жугат.

Үй мышыгы аркылуу төмөнкү ооруларды жугузуп алуу мүмкүн.

Токсоплазмоз- мээде жана ички органдарда байырлоочу мите-курт. Жакшы иммунитети бар чоң кишилерде токсоплазмоз ден-соолукка олуттуу көйгөйлөрдү жаратпайт, бирок кош бойлуу аялдар үчүн өтө кооптуу — түйүлдүктүн кемтигин пайда кылышы мүмкүн.

Эхинококкоз. Митенин жумурткалары жаныбарлардын заңында кездешет, ошондуктан мышыктын ээлери көбүнчө анын заңын тазалап жаткан учурда жуктуруп алышат. Эхинококктор боордо, өпкөдө, жүрөктө, мээде мите кисталарды пайда кылып, бул органдардын иштеши бузулат жана көлөмү чоңоюп кетет.

Аскаридоз. Жаныбар менен болгон мамиледен кийин гигиеналык эрежелерди сактабагандыктан адамдар кир кол аркылуу жугузуп алышат. Аскаридоз алгач кычыштырган исиркекти, жөтөлдү жана дем кысууну пайда кылат, ал эми миграциялык стадия аяктагандан кийин ичеги-карын трактында жайгашып митечилик кылышат.

Темирөткү (лишай) — бул адамдарга жаныбарлар аркылуу жугуучу оору. Темирөткүнү мите козу карындар пайда кылат. Ооруган адамда кычышкан кызыл тактар ​​менен тегеректелген формадагы жара денеге чыгып кычыштырат. Алар дененин каалаган жеринде болушу мүмкүн, бирок көбүнчө баштын терисине таасир этет.

Фелиноздун экинчи аты «мышык тырма оорусу». Ооруну мышык тиштеген учурда шилекейи аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн. Оорунун симптомдору: дененин кычышуусу, кызаруусу, алсыздык, ысытма. Бул ооруну аны үй мышыктарынын жарымынан көбү алып жүрүшөт, ошондуктан жугузуу коркунучу өтө жогору.

Үй мышыктары сальмонеллез жана кампилобактериоз ооруларынын түздөн-түз жуктуруучулары болушат. Бул оорулар адамдарда тамак сиңирүү органдарын жабыркатат. Ооруну алып жүргөн жаныбардын заңын тазалагандан кийин колду жуубасаңыз ооруну жугузуп алуу толук мүмүн. Эгерде мышыкта инфекциянын ачык белгилери бар болсо, жугузуп алуу үчүн аны жөн эле сылоо жетиштүү.

Столбняк. Мындай инфекцияны мезгил-мезгили менен же дайыма көчөдө жашаган жаныбар менен байланышта болуу аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн, анткени оорунун козгогучу топуракта жашайт. Инфекция мышыктын тырмактарынын астына топуракты баскан учурда илешип келүүсү мүмкүн. Симптомдору: жаак спазмы, оозду ача албоо, капыстан булчуң спазмы оорусу, кыйынчылык менен жутуу, баш оору, жогорку температура.

Кутурма – өлүмгө алып келүүчү инфекция. Жапайы жана үй жаныбарларынын тиштеген жеринен адамдарга жугат. Көбүнчө иттер анын булагы болуп саналат, бирок оорулуу мышык да инфекциянын себеби болушу мүмкүн. Инфекция мышык тиштегенде, ошондой эле шилекей адамдын терисинде жана былжыр челиндеги жарааттарга тийгенде пайда болот.

Туляремия. Бул ооруну көчөдөгү жолбун мышыктарды кармаган учурда жугузуп алышат. Батирде багылган үй жаныбарларынын инфекцияны жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жок. Оору температуранын кескин жогорулашы менен башталып, алсыздык, булчуңдардын катуу оорушу менен коштолот. Туляремия лимфа түйүндөрүнүн бузулушу менен мүнөздөлөт, алар чоңоюп ириңдөөсүнө алып келет.

Эгерде жогорудагы кандайдыр симптомдор байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Антпесе, айтылган оорулардын баары жагымсыз симптомдорду жаратат жана татаал формасы пайда болушу мүмкүн. Ал эми алардын айрымдары — столбняк, кутурма, туляремия өлүмгө да алып келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1102