7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өнүгүү жана бакубатчылык каалайм! Казак президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

148

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Казакстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиздин бардык мекендештериңизди мусулман үммөтүнүн улуу майрамы – Орозо айт менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мээримдүүлүккө, кайрымдуулукка, сооптуу иштерге жана руханий баалуулуктарга толгон бул ыйык майрамда мусулман дүйнөсүндө тынчтык, ынтымак жана бир тууган элдердин биримдиги чыңдала берсин.

Жараткан Аллах кармаган орозобузду жана кылган жакшы иштерибизди кабыл кылсын, баарыбызга бир Рамазандан кийинкисине аман-эсен жетүүнү насип этсин!

Бардык мусулмандардын жүрөгү жылуулукка жана кубанычка толгон бул жаркын учурда Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык каалайм!”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

 

149