7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын дарыясынан жоголгон 4 жаштагы кызды издөөгө 135 адам чыкты

423

Бүгүн Нарын дарыясынын жээгинен дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издөөгө 135 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, N16, 47 ӨКБдан жалпы 35 куткаруучу 1 дрон, Авариялык куткаруу жана КамАЗ унаасы менен тартылды. Мындан сырткары ИИМден 90 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөөгө чыгышты.

Эске салсак, 12-май күнү, саат 11:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

424