УКМК Министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды.
Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Нарын облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:
— “Абдырай-Ата” СБКсы (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган;
— “Береке” СБКсы (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган;
— “Он-Арча” СБКсы (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган;
— “Мегакомфорт” СБКсы (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган;
— “Эки-Нарын” СБКсы (Нарын), А.Адучуевага катталган;
— “Чойбек-Ата” СБКсы (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган;
— “Чолук-Ата” СБКсы (Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган;
— “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган;
— “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган;
— “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган;
— Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), Б.Бейшенбековго катталган;
— “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;
— Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган;
— Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковдун наамына катталган;
— “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов;
— “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган;
— “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов;
— Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков;
— “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова.
— жана башка.
Ошону менен бирге, Нарын облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат.