7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын облусунун административдик сотуна судья дайындалды

386

Жергиликтүү соттун судьясы дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Нарын облусунун административдик сотунун бош судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн 1 талапкерге сунуш келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган талапкерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров аны судьялык кызматка дайындоо боюнча кеңештин сунушуна макул болду.

Президенттин тийиштүү жарлыктары менен Азис Кудайбергенов жергиликтүү соттун судьялык кызматына дайындалып, ал Нарын облусунун административдик сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

387