7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын — Оруктам автоунаа жолундагы Капчыгай жазга чейин жабылды

155

Нарын–Оруктам автоунаа жолунун 50–75 чакырым аралыгындагы Капчыгай тилкеси 2025-жылдын 7-ноябрынан 2026-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде кабыл алынып, катуу аба ырайына кар көчкүнүн түшүү коркунучунун жогорулашына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Азыркы учурда Транспорт министрлигинин №8 жол тейлөө ишканасы атайын жол белгилерин орнотуп жатат. Бул белгилер жол кыймылы кайра ачылганга чейин күчүндө болот.

Белгилүү болгондой, Нарын–Оруктам автоунаа жолунун бул тилкеси ар жылы коопсуздук максатында жазга чейин жабылат.

Ушул мезгил аралыгында жашоочулар альтернативдик Сары-Булак – Арчалы – Оруктам маршруту аркылуу каттай алышат.

156