7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын РИИБдин эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

764

Пара алып жаткан жеринен Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февралда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери жана ИИМдин Нарын облусу боюнча ИИБ ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Т.у.К. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А.М. кармалды.

Аталган кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши туралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 000 сом талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айыппул түрүндө гана каралган, эркинен ажыратуу каралган эмес.

Учурда кармалгандар Нарын ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

765