7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын университетинен 300 студент окуудан чыгарылып, мугалимдер жазаланды

389

Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылып, институттун директору кызматынан четтетилгенин УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуу жайдын дагы 13 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, ал эми жооптуу жетекчилерди иштен алуу сунушталган.

2023-жылдын аягында окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери 400дөн ашуун чет өлкөлүк студентти башка ЖОЖдордон которуу жолу менен кабыл алган. Тактап айтканда, атайын комиссия студенттерди окууга кирүү үчүн керектүү документтеринин жоктугуна жана сабактар боюнча академиялык айырмачылыктардын тийиштүү санынан ашып кеткенине карабастан дистанттык окууга өткөргөн.

Мындан тышкары, окуу жайдын жетекчилиги компетенттүү эмес кызматкерлерин комиссиянын курамына киргизип, айрым чет элдик студенттерди жасалма документтер менен университетке өтүүгө жол берген.

Чет өлкөлүк жарандарды окутуу процессинде дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталган. Мисалы, онлайн-сабактар өткөрүлбөй, негизсиз баалар коюлган, студенттердин жеке электрондук кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү көзөмөлсүз жана окуу графигинен тышкары берилген. Окуу акысы боюнча ири карыздар болгон. Студенттердин көпчүлүгүнүн мамлекеттик жана расмий тилдерди таптакыр билбегендигине карабастан аларга жогорку баалар коюлгандыгы аныкталды. Ал эми ЖОЖдо башка тилдерде окутуу каралган эмес.

 

390