Нарында 50 жаштагы кишини терек басып калып көз жумду. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-март күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Жумгал райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө Кызыл-Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган жараны Беш-Терек айылынан кыйылган бакты түшүрүп жатып, каза болуп калды деген билдирүү түшкөн.
Аталган факты Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынып териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталган. 5-март күнү Жумгал районунун Беш-Терек айылынын Боз-Секи участогунан Бишкек шаарынын тургуну 1972-жылы туулган жаранга тиешелүү жүк ташыган унаадан кыйылган 5 метрлик калың теректерди жерге түшүрүп жатып, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну терек менен кошо жерге жыгылып түшүп, терек басып калып, анын кесепетинен каза болуп калгандыгы аныкталган.
Азыркы учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.