7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында соңку 3 айда оң рулдуу унаалар катышкан 23 жол кырсыгы катталып, 21 жаран ар кандай жаракат алган

767

Нарын облусунун аймагында ушул жылдын 3 айында оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталса анын ичинен 10 жол кырсыгы ар кандай жаракат менен коштолуп, 21 жаран ар түрдүү жаракат алышкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, материалдык чыгым алып келген жол унаа кырсыктары оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 13 факт катталган.

«Оң рулдуу автоунааларды башкарууда карама-каршы тилкеде келе жаткан автоунааларга ар түрдүү ыңгайсыз абалдарды жаратуу менен ар кандай кокустуктар жаралып анын кесепетинен жол кырсыктары да келип чыгууда.

Азыркы учурда көпчүлүк айдоочулардын автоунаалары он рулдуу жана Нарындан Бишкек шаарына эл ташыган минивен автоунааларды көрүүгө болот», -деп берилет билдрүүдө.

Эске салсак, 2021-жыл ичинде облус аймагында оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда жалпы 42 жол унаа кырсыктары катталып, анын кесепетинен 11 адам каза болуп, 96 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768