7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында өзүн жактоочумун деп 6 миң доллар акча алган жаран кармалды

707

Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан жалган-жактоочу кармалып, Нарын шаардык ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө, И.к.С. өзүн жактоочу катары тааныштырып, Нарын областынын соту тарабынан анын тууганына карата оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, алдоо жолу менен И.Г.С. аттуу жарандын 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, И.к.С. адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги такталган.

Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга жогоруда аталган жалган-жактоочунун катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708