7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылды

606

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаевге айыл элине 30 жыл имамдык кызмат өтөгөнү бааланып, жаштардын демилгеси менен имамга автоунаа белек кылынды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Ошондой эле Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы имамы Омуркул Байтерековго 22 жыл имам болуп иштегендиги үчүн айыл жаштары унаа мингизип, имамдын орозо майрамдык маанайын көтөрдү. Ал эми ушул райондун Жалгыз-Терек айылынын имамы Каныбек Кожомкуловко 8 жыл имамдык кызмат өтөгөндүгү үчүн музоолу уй жана майда жандыктарды тапшырышты.

Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Комсомол айылынын имамы Сүйөркул Калмамбетовго айыл тургундарынын демилгеси менен алдына автоунаа мингизип, имамдык ишине ыраазычылык билдирүү менен куттуктоолор айтылды.

Айт майрамынын урматына Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын имамы Качкынбек Чалаказак уулунун 25 жылдык эмгеги бааланып, Умрага жолдомо сертификаты тапшырылды.

Мына ушундай кубанычтуу белектер айт намазынан кийин имамдарга айыл тургундары жана уюштуруучулар тарабынан тапшырылды. Акыркы жылдары жалпы эле республикабызда айыл имамдарынын эл үчүн кылган эмгектери жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын колдоосуна алынып, ыраазычылык белектер байма-бай берилүүдө.

607